Жалал-Абад шаарындагы ЦУМдан алтын уурдагандар колго түштү

Жалал-Абад шаарында ЦУМ соода борборунан алтын уурдагандар колго түштү. Бул туурасында Мамлекетик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук чек ара башкармалыгына 5 белгисиз адам соода борборунан алтын жасалгаларын уурдап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Эки сааттан кийин уурулук кылган жарандар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын «Маданият-автожол» өткөрүү пунктунан кесип өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен колго түшкөн. Кароо жүргүзүү учурунда алардын жанынан мурда уурдалган алтын буюмдар табылган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар ИИМдин Жалал-Абад облусундагы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: